Биз менен байланышыңыз

Парламенттин бюджет комитети Ошто көчмө жыйын өткөрүүдө

Кыска кабар | 31 Окт 2022 | 231 | 0
Сүрөт: Айдар Бакыев

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүшүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Көчмө жыйын Ош шаардык мэриясында өтүүдө.

Жыйынга аталган комитеттин 16 депутаты, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Президенттин Ош облусунундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, бир катар министрлердин орун басарлары жана айыл өкмөт башчылары катышууда.

Жыйында Ош шаарындагы жана Ош облусундагы негизги көйгөйлөр жана аткарылган иштер каралмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM