Connect with us

1-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 31 Окт 2022 | 476 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, ал эми тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +0…+5, күндүз +14…+19,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +6…+11.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +17…+19.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM