Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, ал эми тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +0…+5, күндүз +14…+19,
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,
Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +6…+11.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +17…+19.