Биз менен байланышыңыз

Жарандык активист Илгиз Шаменов эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 29 Окт 2022 | 305 | 0

Бүгүн, 29-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Илгиз Шаменовдун бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин кабыл алды.

Маалыматтарга караганда, Шаменов 20-декабрга чейин №1 Тергөө абагында кармалат.

Илгиз Шаменов Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген.

Шаменов менен Нарматовага массалык башаламандык уюштурууга даярдануу беренеси менен айып тагылды.

Орозайым Нарматова дагы 20-декабрга чейин камалды.

Copyright © 2017 Maral FM