Биз менен байланышыңыз

Баткен: Жабыркаган аскерлердин абалы

Коом | 28 Окт 2022 | 685 | 0

14-17- сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кыргыз тараптан 63 адам курман болуп, 200гө жакыны жарадар болгон. Жараат алган 150гө чукул бейтап Бишкектеги Улуттук госпиталга алынып келинген. Кечээ, 27-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депуттар жараат алган аскерлердин абалы туурасында маселе көтөрүп, кээ бири дагы деле оор операцияга муктаж экенин айтышты. Баткендеги каргашада жараат алган аскерлердин жана жарандардын учурдагы абал кандай? Алардын абалы тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз. 

Ушул жылдын 17-сентябрында тажиктердин куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусундагы Капчыгай заставасында кызмат өтөп жүргөн 19-жаштагы аскер Белек Максытбек уулуга ок тийген. Атылган ок Белектин оң жамбашынан кирип курсагынан чыккан. Ички органдары, жоон жана ичке ичегилери үзүлүп кетип, башка органдары да жараат алган.

Ага медициналык жардам бир суткадан кийин гана көрсөтүлүп, 24-саат талаада ок жеп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев билдирди.

Белек үй-бүлөдө жети бир туугандын алтынчысы. Ата-энеси пенсионерлер.

Эл өкүлү баатырдын азыркы абалы оор экенин айтып берди.

“Бир айдан Белек баатыр жигитибиз Бишкектеги ооруканада жатат. Ичегилери ириңдеген, операцияга муктаж болуп жатат. Бирок ошол ооруканадагы дарыгерлер Белекти жашаган жеринен катталган райондук ооруканага же башка бейтапканага которуу жөнүндө сөз болуп жатканын айтып калышты. Мен аскерди башка ооруканага которбоого сурандым. Себеби бир дарыгердин көзөмөлүндө болуп туруш керек. Биз баатырларыбызга андай мамиле кылбашыбыз керек”.

Абдалиев Белектин ата-энесин аскердик милдетин өтөп жатып оор жараат алган уулунун ден-соолугу, келечеги, тагдыры абдан кейитип жатканын айтып, аскердин үй-бүлөсүнө мамлекеттик деңгээлде материалдык жардам көрсөтүү сунуштады.

Дагы бир эл өкүлү Надира Нарматова тажик аскерлеринин баскынчылыгынан Ноокат районунда төрөлгөн лейтенант Элдияр Төлөнөв эки көзүнөн жана ашказанынан жаракат алганын айтты.

Бүгүнкү күнгө чейин Элдиярга беш жолу көзүнө жана ашказанына операция жасалган. Ашказаны бир топ жакшы болуп, бирок эки көзү тең көрбөй, өмүр бою майып болуп калуу коркунучунда турат.

Элдиярдын үйлөнүү тою 5-октябрга белгиленген болчу. Үй-бүлөдө жалгыз уулуна жардам берүү суранычы менен ата-энеси кайрылып, бийлик башындагылардын колдоо күтүүдө.

“Элдиярдын үйлөнүү тою токтоп, ал азыркы тапта ден-соолугу, тагдыры менен алышып отурат. Бүгүнкү күндө ата-энеси Бишкектеги ооруканада карап жатышат. Алардын кайрылуусу менен мен сиздерден протоколдук тапшырма катары Садыр Нуркожоевичтен да суранып, ушул балага колдоо көрсөтүп коюуңуздарды өтүнөм. Себеби ал өмүр бою көзү көрбөй, тагдыры өтө татаал абалда калуу коркунучунда турат”.

Нарматова Элдияр мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо маалында ден соолугун жоготкону үчүн аны чет өлкөдө көзүнө жасала турчу операцияга жөнөтүп, келечекте аны батир менен камсыздап коюуну сунуштады.

Баткендеги куралдуу кагылышта жабыркагандардын 148и Бишкектеги ооруканага алып келинген. Алардын 143ү дарыланып үйлөрүнө чыгарылган, ал эми 5 аскер кызматкердин абалы орто оор деп баалынып, кийинки жумада аскердик госпиталга реабилитациялык дарыланууга жөнөтүлөт.

Бул тууралуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Кулукеев билдирип, жогоруда эл өкүлү айткан Белек Максытбек уулуну башка оорукана которуу тураасында буларга токтолду:

“Биздин ооруканадагы негизги дарылоосу аяктады. Мындан аркысы өзүнүн жашаган жеринен катталган же аскердик реабилитациялык ооруканада дарыгерлердин байкоосунда гана болот. Бирок азырынча толук кандуу чечим чыга элек. Ошондуктан биз дарылап жатабыз, азырынча биздин дарыгерлердин көзөмөлүндө болот”.

Тажикстандын сентябрь айындагы 3 күнгө созулган агрессиясынан 63 жаран курман болуп, 198 киши жабыркады. 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Copyright © 2017 Maral FM