Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Баткенде турак-жайын сатып, көчүүнү көздөгөндөр көбөйгөндүгүн белгилешти

Без рубрики , Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 732 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында бир катар депутаттар Баткенде чек арага жакын жайгашкан жарандардын көпчүлүгү турак-жайын сатып, башка жакка көчүүнү көздөп жатышканын белгилешти.

Алсак, депутат Нуржигит Кадырбеков чек арага жакын жайгашкан жарандардын үйүн сатып, башка жакка көчүүнү көздөп жатышканын айтты. Муну менен катар ал чек ара коопсуздугун эске алуу менен Министрлер кабинетин айтылган маселеге көңүл бурууга чакырды.

Депутат Камила Талиева Баткендин Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө 74 үй талкаланган болсо,  учурда 16 гана үйдүн пайдубалы курулганын, дагы 58 үйдүн курулушу баштала электигин белгиледи.

Ошондой эле ал жабыркаган элдин турак-жайын кайрадан калыбына келтирүү иши кечеңдеп жатканын сынга алып, курулуш кечеңдеп жатканынан жарандар башка жакка көчүп кетип жатканын белгиледи.

«Калгандары эмне болот? Кыш келсе кайда жашашат?Кыш келгенге чейин курабыз дедиңиздер эле, кышка бир гана ай калды», – деди ал.

Кечээ депутат Султанбай Айжигитов дагы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан айылдарда үйлөрүн сатам дегендер көбөйүп жатканын белгилеп, бул жакшы көрүнүш эмес экендигин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM