Connect with us

«Ноокатта конкурстан өтпөй калган директор кайра дайындалыптыр»

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 546 | 0

Парламенттин бүгүнкү жыйынында эл өкүлү Марлен Маматалиев мугалимдердин айлык маселесин көтөрдү. Анын айтымында, айлыктар көтөрүлгөндүгү менен сабактардын сааттары азайтылып, чектөөлөр коюлуп жатат.

«Мурда 18 миң сом алган мугалимдер 35 миң сом алып жатат. Бирок ошол эле учурда акыркы айларда айрым мектептерде сааттарын азайтып, кыскартуулар болуп жатат. Ставкалары кыскартылып, КТУларга өзүнчө айлык төлөнчү экен, алар алынып салынып жатыптыр. Ал эле эмес, дептер текшерүү боюнча айлык бирине берилсе, экинчи тарапка берилбей жатыптыр. Айтоор мурдагы 18 миң алган мугалим, 35 миң сом алып, азыр кайра 22 миң айлыкка түшүп калган фактылар бар экен. Мен муну туура эмес деп ойлойм жана жетекчилердин бул боюнча маалыматы жок болгондуктан болуп жатат деген ойдомун. Ошондуктан баарына бирдей мамиле болуусун талап кылам», — деди ал.

Маматалиев мектептердеги бош кызмат орундарына директорлорду тандоо боюнча жүрүп жаткан реформаны колдой тургандыгын, бирок айрым жерлерде коррупциялык иштер бар экендигин белгиледи.

«Мага жеткен маалымат боюнча Ноокат районунун Чечме-Сай деген айылындагы Атишов атындагы мектепке конкурстан өтпөй калган директорду кайра шайлап коюптур» , — деди эл өкүлү.

Депутат жакшы аткарылып баштаган реформаларды ар түрдүү жолдор менен булгабоого чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM