«Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев парламенттин бүгүнкү жыйынында кесиптештеринин массалык камоолор боюнча айткан сындарына каршы пикир билдирди.
Анын айтымында, бийликти көздөгөн саясатчылар кармалган.
«Белгилүү саясатчылар, белгилүү блогерлер камалды» деп айтылды. Бирок мен ага кошула албайм. Бизде камалып жаткандар «дежурный саясатчылар». Алар бийликти гана көздөгөн адамдар. Эгерде бийлик берсе мактайт, бийликтен кетсе, жамандайт. Мен Кыргызстанга белгилүү саясатчылар катары Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Накен Касиев, Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов, Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевдерди билем» , — деди ал.
Ошондой эле ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусуна токтолуп, анын «кармалган жаштар менен аялдарды чыгарыш керек» деген пикирине кошулбай тургандыгын белгиледи.