Биз менен байланышыңыз

Парламент спорт министрлигин түзүү боюнча токтом чыгарды

Кыска кабар | 27 Окт 2022 | 608 | 0

Кыргызстанда спорт министрлиги түзүлөт. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев билдирди.

Анын айтымында, учурда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен спортту бөлүп, өзүнчө министрлик түзүү боюнча токтом долбоору даярдалып, төрагага сунушталган.

«Спорт министрлиги эмне үчүн керек деп сурап калышыңар мүмкүн? Биринчиден, спортчулар Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жатат. Экинчиден, өлкөдө жарым миллиондон ашык такай машыккан спортчу бар. Токтомдо эмне себептен министрлик кылуу керектиги боюнча жазылган. 1950-жылга чейин агенство болуп келген. Азыр министрлик беш тармак менен иш алып баргандыктан, спортко көңүл бурулбай жатат. Бүгүнкү күндө министрликтин астында 100дөн ашык федерация бар. Алардын 60тан ашыгы эмне иш алып барганы белгисиз, бирок бюджеттен жыл сайын акча бөлүнөт» , — деди ал.

Ошондой эле ал депутаттарды жана президентти аталган токтом долбоорун колдоп коюуга чакырды.

Вмце-спикер Нурбек Сыдыгалиев депутаттардын колдоосу менен өткөн жумада токтом чыккандыгын, аны төрага келсе,  президентке сунуш катары жибериле тургандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM