Биз менен байланышыңыз

«Кариб кризисине» 60 жыл. «Согуш чыгарбаганга интеллект керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Окт 2022 | 936 | 0

Аз жерден ири согушка башат боло жаздаган айтылуу «Кариб кризисинин» быйыл 60 жылдыгы белгиленет. 1962-жылы 27-октябрда бир жарым ай созулган кризис токтогон.

Тарыхчы Алмаз Кулматов «Маралдын» түз эфиринде «Кариб кризиси» жана чоң согуштун чыгышын тоткотуп калган мамлекеттик жетекчилердин жоопкерчилиги жөнүндө айтып берди.

«Советтер союзу менен Америка мына, мына деп, согушууга кнопка басууга чейин жетишкен, ошого даяр болуп калган. Соңку тарыхтагы эң чоң глобалдык кризиске алып келе турган аядролук согуш ачылайын деп калган. Жон Кеннедини (-ред. ошол кездеги АКШнын президенти) мына согушту баштайбыз деп аябай коколоп турушкан. АКШнын Чалгындоо кызматы улам маалымат берип, тигилер талкалаганы жатат, Кубага жайгаштырылган ракеталарды Хрущев (-ред. Никита Хрущев СССРдин биринчи катчысы) ата турган болду деп ынандырып коюшкан. Хрущевго да тигилер талкалаганы жатат деп ишендиришкен.

Бирок интеллект, жоопкерчилик экөөнү тең токтоткон. Экөө тең айлана-тегерегиндегилерди уккан жок. Кеннеди биринчи кадам шилтеп, шашылыш кат менен кайрылды. Хрущев КППСтин саясий бюросунун чечими менен макул болду.

Жон Кеннеди, иниси Роберт Кеннеди жана расмий эмес кеңешчиси Дик Ачесон үчөө эле согуш чыгарганга каршы болушкан, калгандары алка-жакадан алып турушкан. Ошентип согуш башталбай, токтогон. Кийин Кеннедини да Хрущевду да айыпташкан, коркоктук, чабалдык кылды деп айтыпташкан. Хрущевду кызматтан алып, Кеннедини атып тынышкан».

«Кариб кризиси» кандай чыккан?

СССР менен АКШ ортосундагы мамиленин өтө курчушунан улам ядролук согуш коркунучу келип чыккан. Куба мамлекетинин СССР менен тыгыз мамиле түзүшү АКШ менен Кубанын ортосундагы мамилени курчуткан.

АКШ 1959-жылдын башынан эле Кубага саясий жана экономикалык кысым жасап, диверсанттарды жиберип, Кубанын шаарларын бомбалап, Түркия менен Италияга ракеталарын жайгаштырган.

1962-жылы 24-майда КПСС БКнын Президиумунун чечими менен СССР Куба революциясын коргоо үчүн АКШга жооп катары Куба аймагына ракеталарын жайгаштыра баштаган.

Эки мамлекеттин тирешүүсү согуш коркунучун пайда кылып, Кариб кризисине алып келген.

1962-жылы октябрь–ноябрь айларында Куба өкүлдөрү жана БУУнун Генералдык секретары катышкан АКШ жана СССРдин ортосунда сүйлөшүүлөрдө кризисти жөнгө салуу маселеси каралып, АКШ өкмөтү Кубага каршы экономикалык кысымдарды токтотуп, кол салбоого убада берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM