Биз менен байланышыңыз

Фархат Исмаилов: 30 жылда өлкө башчысындай эч ким иш алып барган эмес

Кыска кабар | 26 Окт 2022 | 780 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында депутат Фархат Исмаилов кесиптеши Адахан Мадумаровду «ар бир иштен өзүн пиар кылат» деп сындады. Ал Мадумаровго динди билем дегени менен чындыгында динди билбей тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле ал динден мисал келтирди.

«Кимде-ким өлкө башчысына каршы сүйлөй турган болсо, ал күндү карап таш ыргыткан менен барабар. Ал таш сиздин өзүңүздүн башыңызга тийиши мүмкүн. Мамлекетте 30 жылда азыркы өлкө башчысындай эч ким иш алып барган эмес. Сиз өлкөгө бир кирпич алып келген эмессиз. Азыр сизге тең келе турган бул жерде жигит мүнөз адамдар аз. Сизге бир гана аял киши тең келбесе, сиз бул жерде жөн жерден пиар иштеп, дүрбөлөң кылбаңыз», — деди ал.

Депутат Дастан Бекешов жекеликке өтүп, сын айтканды токтотууга чакырды.

Ага чейин бир катар депутаттар күн тартибине массалык камоолор боюнча ИИМдин маалыматын угууну киргизүүнү сунушташкан. Ал эми Адахан Мадумаров бүгүнкү жумушту ошол маселени кезексиз кароо менен баштоону сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM