Биз менен байланышыңыз

Айжигитов Баткенде курулуштар башталбай жатканын сынга алды

Кыска кабар | 26 Окт 2022 | 353 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Баткен облусундагы акыркы абалга токтолду. Анын айтымында, акыркы күндөрү чек арага жакын жайгашкан айылдарда үйлөрүн сатам дегендер көбөйүп жатканын белгилеп, бул жакшы көрүнүш эмес экендигин айтты.

Ошондой эле ал Баткен районундагы Капчыгай айылында курулуш иштери акча бөлүнүп, куруучу компания тандалып алынганына карабай, курулуш башталбай тургандыгын сынга алды.

» Бообек деген бирөө бар экен, ал аткаруучу компания катары утуп алыптыр. Ал курулушту курууга башка компанияга бериптир. Ал компаниясы дагы башка компанияга бериптир. Булар бир айдан бери соодалашат экен. Качан баштайбыз ишти? Ушуга көңүл буруп койсоңуздар», — деди ал.

Депутат Султанбай Айжигитов Баткен облусунда Коргоо министрлигинин бир гана абадан коргонуу бөлүмү жайгашканын белгилеп, ал жерде иштеген аскерлердин айлыгы көтөрүлбөй калгандыгын сынга алып, эл аларды ошол аймакта кармап калуу үчүн айлыктарын көтөрүүнү суранып жатышканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM