Connect with us

Кыргызстан менен БАЭ капиталы 100 млн долларлык инвестициялык фонд түзөт

Кыска кабар | 25 Окт 2022 | 289 | 0

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда Абу-Даби өнүктүрүү фонду түзүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 100 млн доллардын тегерегинде болот. Келечекте 1 млрд долларга жете турган мүмкүнчүлүгү бар. Иштөө модели Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна окшош, бирок акча каражаты эмираттарда болуп, келген долбоорлор жактырылгандан кийин каражат насыя түрүндө 4-5% менен берилет.

Министрдин айтымында, президент жакынкы күндөрү расмий иш сапары менен барганда бул келишимге кол коюлары күтүлүүдө.

Өнүктүрүү фонду экспортту колдоого, жаңы технологияларды тартууга, өнөр-жайды жаңылоого, аймактарды өнүктүрүүгө басым жасайт.

Президент Садыр Жапаров 2-июнда Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль Маррини кабыл алганда Кыргызстан БАЭ менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыктар экенин билдирген.

2021-жылы кыргыз-эмират соодасынын көлөмү болгону 70 млн АКШ долларын түзгөн, ошол эле учурда көп эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар экени айтылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM