Биз менен байланышыңыз

Жапаров Кыргыз-америка ишкерлер кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды

Кыска кабар | 25 Окт 2022 | 218 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз-Америка ишкерлер кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын соода диалогун чыңдоо боюнча чаралар талкууланды.

Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын апрель айында АКШга жумушчу сапары менен барганда америкалык бизнес өкүлдөрүн Кыргызтанга чакырган.

«Кыргызстан инвестиция үчүн ар дайым ачык. Учурда министрлер кабинети бизнес үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү саясатын жүргүзүп жатат. Өлкөдө чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча либералдуу мыйзам базасы түзүлдү», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Кыргыз-Америка ишкерлер кеңешин түзүүнүн негизги максаты — эки өлкөнүн ортосундагы ишкер мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат.

«Биз эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даярбыз», — деди кеңештин төрагасы Филип де Леон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM