Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкекте жылуулук бериле баштайт

Кыска кабар | 25 Окт 2022 | 365 | 0

Бишкекте эртең, 26-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мэрияда 2022-2023-жылдардын күз-кышкы мезгилине даярдык боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп, анда жылытуу мезгилин баштоо мөөнөтү талкууланды.

Жыйындын соңунда гидрометборбордун маалыматын эске алып, штаб борбор калаада жылытуу мезгилин 2022-жылдын 26-октябрында эртең менен баштоо чечимин кабыл алды.

Жылуулук берүү бир канча күнгө созулат. Эң алгач мектептер, оорукана, бала бакчалар, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийин мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.

Турак жайды туташтырууда үйлөрдүн үстүнкү кабаттарынын жылытуучу приборлорундагы Майевский крандары аркылуу жылуулук системасынан абаны чыгаруу зарыл. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет.

Copyright © 2017 Maral FM