Connect with us

Төрөбаев: «Учкун» ишканасы модернизацияланат

Кыска кабар | 24 Окт 2022 | 368 | 1

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Учкун» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.

Өткөн жумада президент «Учкун» ишканасынын базасында мамлекеттик китеп басып чыгаруу тармагын өнүктүрүүгө багытталган Жарлыкка кол койгон.

«Учкун» ачык акционердик коому ири полиграфиялык ишкана болуп саналат. Жарлыктын алкагында ишкананы модернизациялоо, өндүрүштүк кубаттуулугун толук пайдалануу, илимий-интеллектуалдык чөйрө менен кызматташтыгын жөнгө салуу милдеттери коюлган.

Төрөбаевдин айтымында, ата мекендик басма иши нормативдик чөйрөдө, автордук укук, басма сөз цензурасы, башкаруу түзүмү жаатында, мамлекеттик көзөмөл органдарын түзүү жана алардын иш алып баруусунда олуттуу өзгөрүүлөргө учурады.

«Бул процесстердин бардыгы мамлекеттен көз карандысыз түрдө иштеген жеке басмаканалардын өнүгүшүнө алып келди. Окуу адабияттарынын авторлорунун өзүлөрү чет элдик басмаканалар менен окуу китептерин жана окуу куралдарын басып чыгаруу боюнча келишим түзө алган. Заманбап рыноктук шарттар алардын кызматташуу аймактарын кеңейтүүгө мүмкүндүк берди, биздин өлкөдө автордук укуктун кыйшайбас принциптери бар», — деди ал.

Мындан тышкары, китеп чыгаруу ишкердиктин башка түрлөрүнө караганда бир топ ыңгайлуу экономикалык шарттарда өнүгүшү керектигин айтты.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM