Биз менен байланышыңыз

Интернет байланышындагы үзгүлтүктүн себеби айтылды

Кыска кабар | 24 Окт 2022 | 899 | 0

Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте интернет байланышында үзгүлтүк болуп жатканын жарандар билдирүүдө. Тактап айтканда, “Кыргызтелеком”, (О!), “Акнет” жана “Мегаком” операторлорунун абоненттери интернет начар иштеп жатканын айтышууда.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернеттин жарым-жартылай үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, магистралдык линиялардын биринде авария болуп, интернет үзгүлтүккө учуроодо.

“Учурда интернет байланышын калыбына келтирүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жакын арада интернет толук калыбына келет. Мындан сырткары, резервдик каналдар аркылуу байланыш берилүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

“Мегаком” компаниясында бир саат мурун авария болгону кабарланды.

Ал эми “Акнет” интернет-провайдери техникалык көйгөйлөрдөн улам интернеттин ылдамдыгынын төмөндөшүнө же жеткиликсиздигине алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Учурда бардык зарыл болгон иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM