Биз менен байланышыңыз

Балдарды эрте аныктоо жана коррекциялык-өнүктүрүүчү окутуу ресурстук борбору ачылды

Кыска кабар | 22 Окт 2022 | 197 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Балдарды эрте аныктоо жана коррекциялык — өнүктүрүүчү окутуу ресурстук борборун ачты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан.

Кечээ, 21-октябрда борбордун ачылышына Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов катышты.

«Борбордо өнүгүү мүмкүнчүлүгү чектелген же пайда болуу коркунучу бар балдар үчүн сабактар, үй-бүлөдө жана жергиликтүү жамаатта баланын өнүгүү жана билим алуу шарттарын түзүү үчүн ата-энелерди колдоо боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Мындай аракеттер көйгөйлөрдү эрте аныктоого жана балдардын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн баалоого өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM