Биз менен байланышыңыз

УКМКнын Баткендеги кызматкерлерине батирлер тапшырылды (сүрөт)

Кыска кабар | 22 Окт 2022 | 233 | 0

Баткен шаарында капиталдык оңдоо иштери аяктагандыгына байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине 16 кызматтык батирдин ачкычын тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчилиги жана жеке курамы катышты.

Ташиев белгилегендей, мамлекет мындан ары да республиканын алыскы аймактарында кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM