Биз менен байланышыңыз

Баткен: Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө миллион сомдон берилет

Кыска кабар | 22 Окт 2022 | 243 | 0

Президенттин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 «Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө, жабыркаган жарандарга, ден соолугуна келтирилген зыяндын даражасына жараша соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болсо 100дөн 200 миң сомго чейинки өлчөмдө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Мындай чечим министрлер кабинетинин токтому менен бекитилди.

Белгилей кетсек, бул токтом жарандарга, аскер кызматкерлерине, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине гана тиешелүү, материалдык жардам «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамдарына ылайык көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM