Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Тажикистандын Чек ара кызматтары биргелешкен билдирүү таратты

Кыска кабар | 22 Окт 2022 | 698 | 0

Кыргызстан менен Тажикистандын Чек ара кызматтары биргелешкен билдирүү таратты. Анда эки тараптын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экени айтылат.

Буга чейинки сүйлөшүүлөрдү бекемдөө максатында кечээ, 21-октябрда Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали жолуккан.

Алар чек арадагы абалды курчутпоо үчүн өз убагында чара көрүү керектигин, чек арачылар белгиленген сызыкта гана болуусу зарыл экенин белгилешти.

Шаршеев менен Рахмонали жолугушууда аймактык бүтүндүк маселелеринде тилектештик жана ынак коңшулук боюнча принциптерин сактоого умтулуу бар экенин бекемдешти.

Кыргызстан менен Тажикистандын Чек ара кызматтары макулдашууну сактоо жана бекемдөө үчүн чек арадагы абалды туруктагтырууга активдүү катышып жаткан биргелешкен жумушчу топтордун жолугуусун байма-бай өкөрүп турууну чечишти.

Тараптар расмий эмес, чындыкка коошпогон билдирүүлөрдү чек арадагы кырдаалды күчөтүү аракети катары баалай турганы айтылган.

Буга байланыштуу алар жалпыга маалымдоо каражаттарын жана ыйгарым укугу жок адамдарды эки элдин ортосунда чагым сала турган, жаңжалдын чыңалышына түрткөн билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырышты.

Copyright © 2017 Maral FM