Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык балбандар Бакуда өтө турган дүйнө кубогуна катышат

Кыска кабар , Спорт | 21 Окт 2022 | 1095 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азербайжанда өтө турган дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Мелдеш 3-7-ноябрь күндөрү Баку шаарында өтөт.

Кыргызстандан бара турган балбандар:

1. Улан Муратбек уулу, 55 кг;
2. Нурмухаммед Абдуллаев, 60 кг;
3. Калы Сулайманов, 63 кг;
4. Халмурат Ибрагимов, 67 кг;
5. Адилхан Нурланбеков, 72 кг;
6. Акылбек Талантбеков, 77 кг;
7. Калидин Асыкеев, 82 кг;
8. Азат Салидинов, 87 кг;
9. Үзүр Жусупбеков, 97 кг;
10. Эрлан Манатбеков, 130 кг,

Балбандарды чемпионатка улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Арсен Эралиев жетектеп барат.

Дүйнө кубогуна Эл аралык күрөш уюмунун рейтинги боюнча алдыңкы бештикке кирген мамлекеттердин балбандары катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM