Биз менен байланышыңыз

Баткенде шейит кеткен аскерлердин жакындарына 20 жылдык айлык акысы берилет

Кыска кабар | 21 Окт 2022 | 2368 | 0

Баткендеги соңку каргашада каза болгон аскер кызматкерлеринин ар биринин үй-бүлөсүнө 20 жылдык айлык акысы, башкача айтканда 1,5-3  миллион сомго чейин кенемте төлөнөт. Ошондой эле шейт кеткен аскерлердин үй-бүлөлүк абалына карап, 1 бөлмөлүү батирден 3 бөлмөлүү батирге чейин берилет. Батирлер Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарыларынан каралып жатат. Бул тууралуу 20-октябрда президент УКМК башчысы Камчыбек Ташиев чек ара маселесине байланыштуу жабык жыйында билдирди.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев оор жараат алган 42 аскер кызматкерине 200 миң сомдон кенемте, жеңил жараат алгандарга 100 миң сомдон, автомат көтөрүп жүргөн аскерлерге 30 миң сом төлөнүп берилерин айтты.

Мындан сырткары ал биринчи жолу кенемте берүү комплекстүү каралап жаткандыгын белгилеп, согушка катышкан 1750 аскерге 50 миң сомдон бериле тургандыгын кошумчалады.

14-17- сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кыргыз тараптан 63 адам курман болуп, 200гө жакыны жарадар болгон. Ал эми  Тажикстан расмий түрдө 41 адам каза болгонун билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM