Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Жогорку Кеңештин жаңы регламентин кабыл алышты

Кыска кабар | 21 Окт 2022 | 435 | 0

20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин каршы пикири менен кайтарылган «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын макулдашылган варианты каралып, колдоо тапты.

Жыйында аталган маселе боюнча баяндама жасаган депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, Жогорку Кеңештин регламенти парламент тарабынан Конституцияда каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартибин жана жоболорун аныктайт.

Жогорку Кеңештин 8-сентябрдагы жыйынында президенттин каршы пикири менен кайтарылган «Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобу түзүлгөн.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары өткөн жылдын 29-декабрында ант берип, алты ай иштегенден кийин 30-июнда эки айлык эс алууга тарашкан болчу. 1-сентябрда экинчи сессия башталган. Жогорку Кеңеш 10 ай арылыгында эки жолу төрагасын алмаштырды.

Талант Мамытовдун ордуна Нурлан Шакиев шайланды.

Өткөн жылы 28-ноябрда бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланып келген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан 15, «Ишеним» партиясынан 12, «Ынтымак» партиясынан 9, «Альянс» партиясынан 7, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан 6, «Ыйман Нуру» партиясынан 5 депутат келген.  Ошондой эле бир мандаттуу округдан 40 депутат шайланып келген.

Жаңы чакырылыштын депутаттары жарым жылда 40 парламенттик жыйын өткөрүп, 41 мыйзам кабыл алып, 6644 жолу шайлоочулар менен жолугушуу өткөргөн. Мындан сырткары эл өкүлдөрү шайлоочулардан келген 7688 кайрылууну караган.

Copyright © 2017 Maral FM