Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгы белгиленди

Коом | 21 Окт 2022 | 540 | 0

Бүгүн, 20-октябрда Бишкекте Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы белгиленди. Буга карата айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү уюштурулду. Президент Садыр Жапаров бул тармакта эмгектенген кызматкерлерди жана дыйкан, фермерлерди куттуктап, айыл чарба тармагына чоң көңүл бурулуп жатканын айтты. 

Чүй облусундагы Москва районунун Светник айылында 20 жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келе жаткан Нурбек Асаналиев быйыл айыл чарба тармагына, дыйкандарга жакшы көңүл бурулуп баштаганын белгиледи. Каражат көбүрөөк бөлүнүп, дыйкан-фермерлерге колдоо көрсөтүлүп жатканын айтты.

“Быйыл дыйкандарга абдан жакшы жардам көрсөтүлүп жатат. Мисалы айта кетсем: сугам системасыны каражаттар бөлүнүп, ошол себептен БЧК тазаланып, суунун өтүшү жакшы болуп калды. Мындан сырткары, Москва районуна жергиликтүү бюджеттен да каражат бөлүнүп, ошол аймактагы сугат системасын тазалоого, оңдоп түзөөгө жетиштик”.

“Адал азык” ЖЧКсынын, элге “Тойбосс” соода маркасы менен белгилүү болгон компаниянын жетекчиси Мырзабек Орунбаев 10 жылдан бери айыл чарба тармагында эмгектенип келет. Башында аталган компания эт өндүрүү жана кайра иштетүү заводун курган. Азыр бул ишкана ийгиликтүү иш алып барып, ушул жылдын аягына чейин бир жылдык көлөмү 8 миң тоннадан ашык продукция чыгарары күтүлүүдө.

Орунбаев кайсы азыктар ички рынокко, кайсылар экспортко чыгып жатканы тууралуу маалымат берди.

“Биздин продукция өлкөнүн ар бир аймагында сатылат. Мындан сырткары Орусияга, Казакстанга жана Араб Эмираттарына туруктуу эскпорттоп турабыз. Жакынкы арада Өзбекстанга экспорттоого пландарыбыз бар”.

Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарага мамлекет башчы Садыр Жапаров катышып, агроөнөр жай комплексине мамлекеттик колдоонун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым эсе, же 26,6 млрд сомго көбөйгөнүн айтты.

Президент мамлекеттик колдоонун көлөмүнүн кескин жогорулашынын жана бул тармактын чыныгы адистеринин күжүрмөн эмгегинин аркасында 2022-жылдын жыйынтыгында болжол менен 366 млрд сомдук айыл чарба продукциясы  өндүрүлөрүн билдирди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 42 млрд сомго көп, же өсүү темпи 11 пайызга көбөйөрү күтүлүп жатат.

“Агрардык өлкө саналган Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин негизги багыттарынын бири — тамак-аш жана кайра иштетүү сектору. Бул тармакта үстүбүздөгү жылда жаңы 29 ири жана орто ишкана, 46 кичи ишкана түзүлүп, бул ишканаларда жаңы 750 жумушчу орун пайда болду. Кластердик өндүрүштү тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын базасында түзүү жана аларды туруктуу өнүктүрүү максатында республикалык бюджеттен 10 млрд. сом каралып, бул багытка республикалык бюджеттен 3,4 млрд. сом бөлүндү, жыйынтыгында социалдык маанидеги азык-түлүктүн 9 түрү боюнча кластерлер түзүлүп, тармакта кластердик өндүрүш жандана баштады”.

Ал эми Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков мамлекет тарабынан дыйкан-фермерлерге кандай шарттар түзүлүп жатканына токтолду.

“Быйыл мамлекеттик бюджеттен каралган 26,6 млрд сомдун ичинде 13 млрд сом акча бөлүнүп берилди. Мунун ичинде 6 млрд 200 млн сом фермерлерди колдоо долбооруна каралаган, 4 млрд 550 млн сом кардарларга берилди. Анда 7 миң 800 дыйкан-фермерлер, ишкерлер, кооперативдер ошол каражатты 6%дык ченде ала алышты”.

Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына жана айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкектин эски аянтында көргөзмө-жарманке өтүүдө.

Көргөзмөдө заманбап технологиянын үлгүлөрү, кайра иштетүүчү жабдуулар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, асыл тукум мал жандыктар, органикалык продукциялар көрсөтүлүп, мастер-класстар жана сынактар уюштурулууда.

Ошондой эле “Organic Expo 2022” жарманке-көргөзмөсүндө органикалык айыл чарба азык-түлүгүнүн бардык түрлөрү сатылууда.

Аталган иш-чара эки күнгө, тактап айтканда, 22-октябрга чейин созулат.

Copyright © 2017 Maral FM