Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир күндө 400 бала төрөлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Окт 2022 | 883 | 0

Кыргызстанда бир күндө 350-400 бала төрөлөт. Бул тууралуу «Марал» радиосунун түз эфиринде Улуттук статистикалык комитеттин жетекчисинин орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, быйыл апрель-май айларында өткөн эл жана турак жайды каттоо өнөктүгүнүн 1-баскычындагы эсептөөлөр жүргүзүлүп жатат. Анда эң биринчи кезекте калктын саны такталып, 7 миллионго жетти.

Эми калктын социалдык, экономикалык абалы жана башка көрсөткүчтөр аныкталат.

Зайнидин Жумалиев кошумчалагандай, Кыргызстанда калктын санынын өсүшү бир жылда 150-160 миңге жакын, ал эми адамдын өлүмү бир жылда 30 миңге чейин катталат.

«Кыргызстан Борбор Азия, керек болсо КМШ мамлекеттери арасында калктын санынын өсүшү боюнча экинчи же үчүнчү орунда турат. Бир жылдын өсүү темпи учурда 2,1 пайызды түзөт. 2010-жылы 5 миллион 400 миң адам болсо, 12 жылдан кийин 7 миллионго жеттик» , — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM