Биз менен байланышыңыз

Министр: Дүйнөдө жана Борбор Азияда саясий-аскердик кырдаал курчуп баратат

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 802 | 0

Дүйнө жүзүндө жана Борбор Азияда саясий аскердик кырдаал күндөн-күнгө курчуп баратат. Бул тууралуу Коргоо министри Бактыбек Бекболотов 19-октябрда өткөн маалымат жыйында айтты.

«Буга азыркы учурда Орусия менен Украинада болуп жаткан куралдуу кагылышуулар, Кавказда болуп келаткан Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кагылышуулар, биздин өрөөндөгү, Кыргызстан менен Тажикстандын жагдайы, ушунун баарын айтсак болот. Бүгүнкү күндө куралдуу күчтөрдүн бардык күчтөрү, кошуундары күжүрмөн пландын негизинде иштерди жүргүзүп жатат. Эл аралык келишимге байланыштуу машыгууларга катышып келатабыз. Курал-жарак, техника жаңыланып жатат» , — деди министр.

Коргоо министрлигинин 2022-жылдын 9 айындагы ишинин жыйынтыгы боюнча Бактыбек Бекболотов маалымат берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM