Биз менен байланышыңыз

Ноокат: Сот аткаруучу пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 118 | 0

Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

17-октябрда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү («опузалап пара талап кылуу») боюнча комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Анда мыйзамсыз курулушту бузуу боюнча соттун чечимин аткаруу үчүн С.А. аттуу жарандан 500 доллар акча каражатын талап кылып, 14 миң сом алып жаткан учурда Ноокат райондук сотунун соттук аткаруучусу К.Т.А. кармалган.

17-октябрда кармалган сот аткаруучу Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM