Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков комитеттин төрагалыгынан кетүүгө даяр экендигин билдирди (видео)

Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 2025 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков парламенттин бүгүнкү жыйынында өткөн аптада кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап берүүгө чакырылгандыгын, бирок документтердин долбоорун колуна албагандыгын билдирди.

Айдарбеков билдиргендей, 10-октябрда берилген кагаздар 11-октябрда аларды кайтарып берүүсүн талап кылышкан.

Ошондой эле ал чек ара маселесин чечүүдө өтө кылдат иш алып баруу керектигин белгиледи. Ал комитеттин төрагалыгынан өз ыктыяры менен кете турагандыгын айтып, арыз жазууга даяр экендигин билдирди.

Мындан сырткары ал кечээ аткаруу бийликтин өкүлү аны негизсиз каралап жатканын сынга алды.

Чыңгыз Айдарбеков кечээ президент Садыр Жапаров менен жолукканын маалымдап, анын чек ара маселесин жалпы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн чече тургандыгына ишенимин билдирип, жалпы депутаттарды кайдыгер болбоого чакырды.

Буга чейин 15-октябрда Өзгөндө өткөн элдик курултайда депутат Адахан Мадумаров Чыңгыз Айдарбеков келишимдин долбоорун жактырган комитеттин чечимине кол койбой жатканыдыгы үчүн аны комитеттин төрагалыгынан кетирүүгө аракеттер болуп жатканын билдирген.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда парламентте жабык жыйында билдиргендей, түзүлгөн макулдашуунун долбоору боюнча Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна кенемте катары 18 миң гектар жер алуу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM