Биз менен байланышыңыз

Оппозициялык кыймыл Кемпир-Абад боюнча депутаттарга кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 759 | 0

Бүгүн, 18-октябрда Бириккен Демократиялык Кыймыл Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдоду. Кайрылууда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча тарыхый чечим кабыл алуу боюнча депутаттардын алдында тандоо тургандыгы айтылат.

Тандоо «баарына макул болгон — күн карама позицияны карманып, келечекте чыккынчы болуп калуу» же «бийликтин кысымына алдырбай, улуттук кызыкчылыкты коргогон, мекенчил жаран болуу».

«Азыркы бийлик элдин пикирин эске албай, Кемпир -Абад суу сактагычын Өзбекстанга күч менен өткөрүп берүү аракети болуп көрбөгөндөй коомчулуктун кыжырдануусун жаратып, катуу сынга кабылды. Оппозиция өкүлдөрүнө, жергиликтүү активисттерге, журналисттерге жана блогерлерге жасалган кысым, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы – Жогорку Кеңештин депутаттарына басым көрсөтүү стадиясына өттү. Бул маселени Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кароодо Конституцияны жана «КРнын ЖК Регламенти жөнүндө» конституциялык мыйзамды одоно бузууга жол берилип, күч түзүмдөрүнүн башчысы тарабынан депутаттарга орой басым жасоо менен, азыркы бийликтин чыныгы максаты ачыкка чыкты – өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузуу, стратегиялык, өзгөчө маанилүү объектилерди башка мамлекетке өткөрүп берүү жолу менен болсо дагы өз бийлигин сактап калуу. Кемпирабад суу сактагычын Өзбекстандын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө комитеттин чечимине кол коюуга мажбурлоо үчүн комитеттин төрагасы Чынгыз Айдарбековго жана анын орун басарларына кысым көрсөтүү жол берилгис деп эсептейбиз», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Бириккен Демократиялык Кыймыл Улуттук кызыкчылыктарды саткандыгы үчүн жоопко тартыла турган мезгил келерин эскерткен.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген. Кечээ Чыңгыз Айдарбеков комитетте добуш берилген чечимге кол койбой жатканын билдирген. Себеби ал кол коюлушу керек болуп жаткан келишимдин долбоору менен таанышкан эмес. Депутаттарга тиешелүү документтерди алып келип көрсөтүшкөн эмес.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда парламентте жабык жыйында билдиргендей, түзүлгөн макулдашуунун долбоору боюнча Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна кенемте катары 18 миң гектар жер алуу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM