Биз менен байланышыңыз

БУУ Кыргызстан демилгелеген тоолорду өнүктүрүү боюнча документти расмий документ деп жарыялады

Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 223 | 0

БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргызстан демилгелеген Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешменин жыйынтыктоочу документин өзүнүн расмий документи деп жарыялады. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын 19-сентябрында Нью-Йорк шаарында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешме болуп өткөн.

Бул иш-чара БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан Кыргызстандын сунушу менен жарыяланган үстүбүздөгү Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын эң маанилүү окуяларынын бири болуп калды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобуна кирген мамлекеттер билдирүү кабыл алышты. Кыргызстандын өтүнүчү боюнча БУУнун Башкы ассамблеясы Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешменин жыйынтыктоочу документин өзүнүн расмий документи деп жарыялады.

Кыргызстандын демилгеси боюнча 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошкон.

Copyright © 2017 Maral FM