Биз менен байланышыңыз

Футболчу Карим Бензема «Алтын топтун» ээси болду (видео)

Кыска кабар , Спорт | 18 Окт 2022 | 1287 | 0

«Реал Мадрид» футбол клубунун жана Франция курама командасынын чабуулчусу Карим Бензема 2021-2022-сезондогу «Алтын топту» жеңип алды.

Франциянын France Football гезитинин сыйлыктарын тапшыруу аземи 18-октябрга караган түнү Парижде өттү.

Бензема 1998-жылдан бери бул сыйлыкка ээ болгон биринчи франциялык футболчу. Ал кезде «Алтын топту» Зинедин Зидан алган. Зидан кечээки аземге катышып, сыйлыкты мекендешине тапшырды.

Бензема карьерасынын туу чокусуна 34 жашында жетип, «Реал Мадрид» менен Испания чемпиондугун жана Чемпиондор Лигасын жеңди.

«Баарына чоң рахмат», — деди Бензема «Алтын топ» тапшырылгандан кийин.

-Бул оңой жол болгон жок. Бир канча убакыт улуттук курамада ойнобой жүрдүм, азыр кайтып келгениме сыймыктанам. Мен өзүмдүн аракетим үчүн жана кыйын күндөрдү жеңе алганыма сыймыктанам. Мен клубдагы жана улуттук курама командадагы командалаштарыма, үй-бүлөмдүн бир бөлүгү деп эсептеген, мага мүмкүнчүлүк берген жана дайыма жанында болгон сонун жетекчиме ыраазычылык билдиргим келет.

Бала кездеги кыялым орундалды. Бул кыйын, бирок ишке аша турган нерсе. Мен гол киргизүүнү гана көздөбөй, командада ойногонду жакшы көрөм. Бул сыйлык баарыбыздын аракетибиз үчүн. Апам мага көп жардам берди, азыр да ушул кечте жанымда болгонуна кубанычтамын. 30 жылдан кийин мындай сыйлыкка ээ болуу – чоң эмгектин жемиши. 

Мадриддик клубдун курамында футболчу 2007-жылдан бери ойноп келет. Жалпысынан ал команда үчүн 421 беттеш өткөрүп, 223 гол киргизген.

Карим Бензема алжирлик француз жараны, ал мусулман.

Мындан тышкары, «Реалдын» голкипери Тибо Куртуа жылдын мыкты дарбазачысы үчүн Лев Яшин сыйлыгын алды.

Ошондой эле «Барселона» клубунун жарым коргоочусу Гави жылдын мыкты жаш оюнчусу аталды. Мурда «Баварияда» ойногон чабуулчу Роберт Левандовски мыкты чабуулчу болду.

«Барселонанын» жарым коргоочусу Алексиа Путеллас аялдар арасындагы «Алтын топту» экинчи жолу катары менен жеңип алды.

Жылдын мыкты 10 оюнчусу:

Эрлинг Холанд («Манчестер Сити»),

Лука Модрич, Винисиус Жуниор, Тибо Куртуа («Реал Мадрид») ,

Килиан Мбаппе (ПСЖ),

Мохамед Салах (Ливерпуль),

Роберт Левандовски (Бавариядагы көрсөткүчү үчүн) кирди.

Эң атактуу футболчулардын бири Криштиану Роналду быйыл 20-орунду ээледи. ПСЖнын чабуулчусу Лионель Месси быйыл номинанттардын тизмесине кирген эмес.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM