Connect with us

Вакансиялар жарманкеси: Жетимиш ишкана 2000ден ашык иш орундарын сунуштайт

Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 1385 | 0

Бүгүн, 18-октябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында вакансиялар жарманкеси өтөт. Иш-чара жумушсуз жарандарды, бүтүрүүчүлөрдү, студенттерди жана жаштарды ишке орноштурууга, кесипке багыт берүүгө жана кесипке үйрөтүүгө багытталган.

Ошондой эле экономиканын ар кандай тармактарына иш берүүчүлөр тарабынан кадрларды тартууга көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган. Курулуш, тейлөө, мейманкана, ресторан, жеңил өнөр жай, өндүрүш тармагындагы 70-тен ашык мекеме-ишканалар бош жумуш орундарын сунуштайт.

Ал эми Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы 2500дөн ашык Бишкек шаары боюнча жумуш орундарын сунуштайт. Мындан тышкары өлкөнүн региондорунан 1800гө жакын бош жумуш орундары сунушталат.

Ошондой эле, 10 университет жана 20 кесиптик лицейлер жана окуу борборлору кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришет. Иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервьюларды өткөрүшөт. Ал эми жогорку класстардын окуучулары ишканаларды изилдеп, кесипке багыт берүү сынагынан өтүп, келечекте кесибин жана окуу багытын тандай алышат.

Мындан тышкары ишкана негиздөөчүлөрү, тажрыйбалуу HR адистери абитуриенттердин квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүшөт.

Ошондой эле жарандарга жумушка орношууга көмөк көрсөтүү, кесипке үйрөтүү жана иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилет.

Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен JIA бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.

Жарманке саат 10:00дөн 14:00гө чейин акысыз өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM