Биз менен байланышыңыз

Мадумаров: Кемпир-Абад боюнча комитеттин чечими жок (видео)

Кыска кабар | 15 Окт 2022 | 371 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон. Бирок аталган комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков аталган келишимдин долбоорун жактырган комитеттин чечимине кол койгон эмес. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров Өзгөндө өткөн элдик курултайда билдирди.

Ал эл алдында сүйлөп жатып, кол койбогону үчүн эки күндөн бери Чыңгыз Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан кетирүүгө аракеттер болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Кемпир-Абад боюнча комитеттин чечими жок. Комитеттин чечими болгондо да ал мыйзамсыз. Чыңгыз Айдарбеков комитеттин чечимине кол койгон эмес. Комитеттин төрагасынын орун басары дагы кол койгон эмес.

Ошондой эле ал 4-октябрда Өзгөн шаарына чек ара маселеси боюнча президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттардын катышуусунда өткөн жабык жыйынды «спектакль» деп атады.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдоду. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 10-октябрда парламентте жабык жыйында билдиргендей, түзүлгөн макулдашуунун долбоору боюнча Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жерди Өзбекстанга берип, анын ордуна кенемте катары 18 миң гектар жер алуу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM