Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Без рубрики , Кыска кабар | 15 Окт 2022 | 207 | 0

«Газпром Кыргызстан» компаниясы келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында, 17-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Орто басымдагы газ өткөргүчтөр 1971-жылы ишке берилген.

Ушуга байланыштуу, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт: Чүй, Ибраимов, Москва, Калык Акиев; Жибек Жолу, Сүйүмбаев, Түгөлбай Ата, Шопоков, Элебаев, Байтик Баатыр, Кулатов, Лев Толстой көчөлөрүндө.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM