Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы ишкерлердин жардамы менен Баткенге контейнер үйлөрдү жөнөтүүдө

Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 283 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы Баткен облусуна убактылуу жашаганга ыңгайлаштырылып жасалган контейнер үйлөрдү жиберип жатат.

14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунда талкаланган үйлөр курулуп бүткөнгө чейин убактылуу жашаганга жалпы 50 контейнер жиберилет. Анын ичинде тиричиликке тийиштүү бардык шарттар түзүлгөн.

Мэрия 16 темир контейнер жөнөтүлгөнүн, жакында дагы 12 үй Баткен облусуна жеткирилерин билдирди. Контейнерлерди жеткирүүгө өлкөдөгү ири соода борборлору, курулуш компаниялары жардам берүүдө.

«Суук түшкөнү жатат. Ошол себептен үй-жайы жок адамдарга Бишкек шаары жардам катары контейнер тибиндеги үйлөрдү жасап, жиберүүдө. Ал үй эки бөлмөдөн турат. Электр жылуулугу жана меш орнотулган» , — деп билдирди шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров.

Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 12-октябрга карата маалыматы боюнча, 130 миң 650 жаран үйүнө кайткан, 6120 жаран үй-жайына бара элек.

Copyright © 2017 Maral FM