Биз менен байланышыңыз

Түрк тилдүү мамлекеттердин балбандары Азия кубогуна катышат

Кыска кабар , Спорт | 14 Окт 2022 | 1230 | 0

29-октябрда Казакстандын Түркстан шаарында «Олимпиада» спорт сарайында казак улуттук күрөшү боюнча Азия Кубогу өтөт.

«Туран барысы» казак улуттук күрөшү боюнча мелдешке Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болгон Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Кыргызстан, Венгрия жана Казакстандын спортчулары катышат.

18 жаштан кем эмес жети адамдан турган команда катышып, спортчулар жети салмак категориясы боюнча күч сынашат:

55ке чейин, 60ка чейин, 66га чейин, 74кө чейин, 82ге чейин, 90го чейин жана 90 килограммдан жогорку.

Турнир улуттук спортту өнүктүрүү жана колдоо максатында өткөрүлүүдө. Жалпы байге фонду 20 миллион теңгени түзөт.

Турнирди Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги, Казак күрөш ассоциациясы уюштуруп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM