Кыргызстанда 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салынат . Бул тууралуу 13-октябрда өткөн маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын маалыматына караганда, январь-сентябрь айларында 478 млн 408 миң сомго 178 миң 264 тонна көмүр экспорттолгон. Учурда көмүргө болгон суроо-талап көп болгондуктан баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында экспортко тыюу салуу чечими кабыл алынат.
«Кара-Кече көмүрүн каптарга салып, 20 тонналык унаалар менен чет өлкөгө алып кетишет. Ошондуктан көмүрдү сыртка чыгарууга тыюу салуу боюнча буйрук чыгарып жатабыз», — деди Таалайбек Ибраев.