Биз менен байланышыңыз

Жапаров Түркиянын вице-президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 201 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту.

Президенттик комплексте өткөн жолугушууда эки тараптуу кызматташунун, экономика жана соода тармагындагы кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты.

Тараптар эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн учурдагы өнөктөштүк механизмдерин мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Жолугушууда ошондой эле түрк тилдүү маданияттын жалпы тарыхый символу болуп калган Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы да талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM