Биз менен байланышыңыз

Жапаров жана Алиев окуучулар менен чогуу тамактанды (сүрөт)

Кыска кабар | 12 Окт 2022 | 1118 | 1

Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназиясына Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу аземи өттү. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров жана Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген Азербайжандын президенти Илхам Алиев катышты.

Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназиясы 500 орундуу, ал 7-октябрда колдонууга берилген.

Жапаров мектепке Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ошондой эле Азербайжан менен эки тараптуу мамилелер жаңы деңгээлге чыгып жатканын айтты.

Ильхам Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылды. Өлкө лидерлери мектептин ашканасында башталгыч класстын балдары менен эртең мененки тамакта баарлашып, мектептин тамагынан даам сызышты.

Окуучулар Кыргызстан менен Азербайжандын достугун чагылдырган ырларды окуп, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.

Мектептин жаңы имаратынын курулушуна 347 млн сом, техникалык жабдуусуна 13,2 млн сом жумшалган.

1 пикир

1 пикир

  1. Шайыргул Кеңешовнп

    13.10.2022 00:32

    Эң сонун көрүнүш.Мектеп жаңы.Жаңы ысым берилди.Ушул мектептен окуган окуучулар бактылуу балалыгын өткөрүп,келечекте кыргыз эли сыймыктанган болдардан болушсун!
    Кыргызстанды башка мамлекетке тааныткан,Кыргызстанды алдыга чыгарган жаштардан болушсун!Агай-эжейлери ден соолугу чың болсун,окуучуларды эң жакшы таптап,терең билим берип,кесиптин ээси болууга тарбиялашсын.
    Ал эми балдар үчүн кам көргөн президентибизге жана өкмөтубузгө терең ыраазычылык билдирем.Бар болуңуздар!Ийгилик сиздерге!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM