Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Комитеттин мыйзамсыз жыйыны келечекте чоң маселе жаратат

Кыска кабар | 12 Окт 2022 | 390 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бүгүнкү жыйында комитеттин 10-октябрдагы жыйыны регламентти одоно бузуу менен өткөндүгүн белгилеп, карала турган маселенин документи үч күн мурда берилиши керектигин белгиледи. Ошондой эле ал комитеттин мыйзамсыз жыйыны келечекте чоң маселе жаралышы мүмкүн экендигин эскертти.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы добуш берген.

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков өзү документтерди көрмөйүнчө макулдук бербесин билдирсе, депутат Адахан Мадумаров жыйын регламентти одоно бузуу менен өтүп, долбоор боюнча материалдар берилбегенин белгилеп, чечим кабыл алуу мыйзамсыз деп чыгып кеткен.

Алдыда комитет колдогон келишимдин долбооруна Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кол коёт. Андан соң аталган келишимдин долбоору кайрадан Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору катары ратификацияга келет.

Copyright © 2017 Maral FM