Биз менен байланышыңыз

Баткенден эвакуацияланган 6120 жаран үй-жайына кайта элек

Кыска кабар | 12 Окт 2022 | 300 | 0

Баткен облусу боюнча тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 136 миң 770 жаран эвакуацияланган болчу. Бүгүн, 12-октябрга карата 130 миң 650 жаран кайрадан кичи мекенине кайткан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда убактылуу кабыл алуу жайларда 1083 жаран жайгашышкан. Анын ичинен 11и Ош шаарында, 17си Жалал-Абад облусунда, 45и Ысык-Көл облусунда, 819у Чүйдө, 191и Баткен облусунда жашап жатышат.

Ал эми жергиликтүү калктын үйлөрүндө 4871 жаран бар.

Буга кошумча 149 боз үй, 29 чатыр айыл аймактарга берилген. Атап айтканда, Баткен районуна жалпы 70 боз үй, 23 чатыр, 40 кийиз үй, Лейлек районуна жалпы 57 боз үй, 6 чатыр, 2 мобилдик үй жеткирилген.

Баткен облусунда кампада 1 кийиз үй, 22 боз үй, 4 мобилдик үлгүдөгү, 1100 комплект керебет, матрац, жаздык, шейшеп,140 меш буржуйка, 300 электр жылыткыч сактоодо турат.

Жалпы эвакуацияга жана жарандарды алып келүүгө ӨКМден 52 тонна 700 литр күйүчү май бөлүнүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM