Connect with us

Бүгүн ЖК комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди карайт

Кыска кабар | 10 Окт 2022 | 509 | 0

Бүгүн, 10-октябрь саат 11:00дө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасын демаркация жана делимитациялоо маселесин карашат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

9-октябрда президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде: «Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин» деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем», — деп айткан.

Ушул жылдын 26-сентябрында Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келген. Ал кыргыз тараптан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен биргеликте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттөр аралык жаңы келишимдин долбоорун баштоо тууралуу протоколго кол коюшкан.

Анын сапарынан кийин «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилет экен» деген кептер тараган. 

4-октябрда Өзгөн шаарына чек ара маселеси боюнча президент Садыр Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттар барып, жабык жыйын өткөрүшкөн.

Турдакун Усубалиев: Кемпир-Абад суу сактагычынын тарыхы

Copyright © 2017 Maral FM