Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан ЖККУнун машыгуусун өткөрүүдөн баш тартты

Кыска кабар | 9 Окт 2022 | 942 | 0

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун тынчтук орнотуучу күчтөрү менен бирге машыгуу өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн «Бузулбас боордоштук-2022» командалык — штабдык машыгуулары 10-14-октябрь аралыгында Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” полигонунда өтмөк.

Ушул жылдын июнь айында коргоо агенттиги бул машыгууларды уюштурууга даярдыктардын башталышы жөнүндө билдирген. ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен «Бузулбас боордоштук-2022» командалык — штабдык машыгууларын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча экинчи штабдык сүйлөшүүлөр болуп өткөн.

Машыгуулардын жокко чыгаруу себеби азырынча белгисиз. Бул боюнча ЖККУ да комментарий бере элек экени айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM