Биз менен байланышыңыз

Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн брондолгон унаалары мамлекетке өттү

Кыска кабар | 7 Окт 2022 | 523 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекетке кайтарылганын кабарлады.

Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча жүргүзүлгөн тергөө учурунда, К.А. уюшкан кылмыштуу тобунун айрым активдүү мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 33 миллион сомдон ашык болгон 5 премиум класстагы брондолгон автоунаалар алынды.

«Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоо булактарына катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө» , — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM