Биз менен байланышыңыз

Баткенде 300дөн ашык турак үй тазаланды

Кыска кабар | 7 Окт 2022 | 269 | 0

Баткен облусунун аймактарында 7-октябрга карата 309 турак үй бузулуп, тазаланды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Баткен району боюнча жараксыз абалга келген 322 турак үйдүн ичинен 211 турак үй бузулган. ӨКМ тарабынан 195 үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 16 турак үй бузулуп, 62 миң 571 м3 курулуш таштандылары чыгарылды.

Ал эми Баткен районунун Миң-Булак айылында күйгөн 8 турак үй аныкталып, бүгүнкү күнгө карата ӨКМ куткаруучуларынын кол күч каражаттары менен тазаланып бүткөрүлдү.

Ал эми Миң-Өрүк участкасында комиссиянын чечими менен аныкталган 37 турак үй кол каражаттары менен тазаланып бүткөрүлүп, 14 турак үй техникалык каражаттардын жардамы менен сүрдүрүлүп тазаланды.

Жалпысынан 661 турак үй жабыркаган, анын 423ү жашоого жараксыз, 238и оңдоп түзөөгө муктаж. Он бир административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана  бир унаа өтүүчү көпүрө жабыркаган.

Калыбына келтирүү иштерине ӨКМден  өздүк курам менен кошо атайын техника үзгүлтүксүз иш алып барууда. Баткен районуна 128 куткаруучу жана 13 техника, жергиликтүү бийликтен – 15 техника иштеп жатат.

Ал эми Каржы министрлигинин Баткенге жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 320 млн 60 миң 289 сом түштү. Жалпы 3 миң 750 акча которуу болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM