Биз менен байланышыңыз

Жапаров авиация кызматкерлерине Баткен окуясындагы эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 7 Окт 2022 | 270 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Жапаров Кыргызстандын авиация транспортунун жолу айыл чарбасынын муктаждыктары үчүн алгачкы У–2 учагынан башталганын белгилейт.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн жарандык авиациясы заманбап чакырыктарга жана талаптарга ылайык өнүгүүдө. Жыл сайын жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты өсүп, жаңы технологиялар, жаңы маркетингдик усулдар, менеджменттик башкаруу ыкмалары киргизилүүдө. Аба кемелеринин паркы жаңыланып, учуу каттамдары кеңейүүдө.

«Үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунун чек арасына жакын аймактарда болуп өткөн окуяларда биздин авиакомпаниялардын жана аэропорт кызматкерлеринин жапа чеккен жергиликтүү тургундарды, анын ичинде аялдарды, балдарды, жарадар болгон жоокерлерди жана гуманитардык жүктөрдү ташуу, уюштуруу иштерине жигердүү катышкандыгын белгилеп кетейин» , — деп айтылат куттуктоодо.

Жыл сайын 7-октябрда Кыргызстанда жарандык авиация күнү белгиленет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM