Биз менен байланышыңыз

Жакышов төраганын орун басарларын дагы кызматтан кетүүсүн сунуштады

Кыска кабар | 5 Окт 2022 | 789 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Руслан Жакышов төрага Талант Мамытовдун өз каалоосу менен кызматынан кеткенден кийин, анын орун басарларын дагы өз каалоолору менен кызматын тапшырып кетүүсүн сунуштады.

Бүгүнкү жыйында төрага Талант Мамытов күтүүсүздөн өз каалоосу менен кызматын тапшырды.

Жогорку Кеңеште үч вице-спикер бар. Алар: Улан Примов, Нурбек Сыдыгалиев жана Жамиля Исаева.

Учурда депутаттар бүгүнкү жыйындын күн тартибинде жаңы төраганы бекитүүнү сунушташууда.

Copyright © 2017 Maral FM