Биз менен байланышыңыз

ЖККУнун баш катчысы Коргоо министри менен жолукту

Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 219 | 0

Бүгүн, 4-октябрда Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Кыргызстанга келген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зас менен жолугушту.

Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрү жөнүндө айткан. Кризистик кырдаалдарды жөнгө салууда уюмдун ролун күчөтүү жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосунда келип чыккан чыр-чатактарга жамааттык чара көрүү механизмдерин өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.

Тараптар ошондой эле ЖККУнун алкагында көп тараптуу аскердик-техникалык жана экономикалык кызматташуунун келечегин, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жамааттык коопсуздук системасындагы ролун талкуулашты.

Кыргызстанга ЖККУнун баш катчысы келди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM