Биз менен байланышыңыз

«Төрт үй-бүлө бир жерде жашап жатабыз». Ара жолдо калган тургундардын абалы

Коом | 4 Окт 2022 | 954 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында болгон 14-17-сентябрдагы согуш учурунда Баткен облусунан 140 миңге чукул жаран коопсуз аймактарга чыгып кеткен. Учурда абал турукташып, расмий маалымат боюнча 137 миңдей адам үйүнө кайтты. Ал эми 10 миңден ашуун жаран үйүнө кайта элек. Алардын бара турган жайы жок болгондуктан туугандарынын үйүндө, мейманканаларда, убактылуу берилген жатаканаларда баш калкалап жатышат. Мындан тышкары үй курулганга чейин кайда барарын билбей жаткандар да бар. 

Лейлек районундагы Достук айылынын жашоочусу Касиет Байдиеванын үйүн тажик баскынчылары өрттөп кетишкен.

Ал үй-бүлөсү, неберелери менен Бишкекке кызынын үйүнө качып келген.

«16 адам болуп Бишкекке качып келгенбиз. Бир эле көйнөк менен качкан бойдон жүрөм. Кийимибизди, акчаларыбызды алганга үлгүрбөдүк. Кышында бизге көмүр керек, үстүмө жылуураак кийим, ал тургай неберелеримдин жылуу кийимдери жок болуп жатат. Өзүмдүн жүрөгүм оорулуу, ай сайын 7 миң сомдук дары ичип турган элем. Азыр эми абал оор болуп жатат, билбейм кандай кылам? Эки жылдан бери жаңжал болуп, артыбызды карабай качабыз Баткен шаарын көздөй. Жылдар бою чогултуп, топтоп жаткан каражат, мүлкүбүздү бир заматта эле жоготуп ийип жатабыз. Кыскасы, абалыбыз өтө оор, начар болуп жатат».

Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Айсалкын Нишанованын да үйү өрттөлүп, азыркы тапта Ош шаарындагы кайнагасынын үйүндө беш баласы менен жашап жатат. Ал батирге чыгып кетейин десе, ижара баалары өтө кымбаттап кеткенине нааразы болууда.

«Батирге чыгалы десек, таппай жатабыз. Туугандардыкында беш бала менен баары бир батпай калат экенсиң. Ошондуктан кененирээк эле өзүбүзчө бөлүнүп чыгып кетели дегенбиз. Бирок Ошто да бош батир жок, болсо да аябай кымбат. Орустар келет деп бааларды аябай көтөрүп коюшуптур».

Лейлек районунундагы Арка айлынын тургуну Алтынай Камчиева да балдары менен Бишкекке качып келген. Ал кайнисинин үйүндө баш калкалап жатат. Бир үйдө төрт үй-бүлө батышып жашап жатканын айтып берди.

Беш жыл мурун Алтынай Бишкектеги үйүн сатып, айылда жаңы үй куруп, үй-бүлөсү менен ошол жакка көчүп кеткен. Былтыр да тажик баскынчылары үйүн талап-тоноп кетишкен. Ал бийлик өкүлдөрүнөн чек ара маселесин чечип берүүнү суранып, андан кийин үйлөрдү калыбына келтирүү керектигин сунуштады.

«Ушул ызы-чуулардын айынан башка адамдарга окшоп жай турмушта жашай албай калдык. Элестеткиле, чоң көчөнүн үстү жагы биздин үй болсо, асты жагы Тажикстан болуп калат. Адам моралдык жактан аябай чарчап кетет. Уктап жатканда да билбей каласың: «уктап жатамбы же ойгоо жатамбы?» — деп ойлоносуң. Башында баарыбыз ыйлап, кайгырып качат элек. Азыр беш жашар кызым да ыйлабайт, себеби көнүп калган. Колуна бир нерсени кармай калып качып чыгат. Бизге аябай кыйын болуп жатат, аны сөз менен түшүндүрүп бере албайм. Мисалы, былтыр Максат айылында үйлөрдү куруп беришти, бирок бир жылга жетпей, быйыл кайра талкалап кетишти да. Биринчи чек ара маселеси чечилип, анан үйлөрдү куруп беришсе, дагы да натыйжалуу болмок».

Өткөн жуманын соңунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендин тургундары менен жолугушуп, суук түшө электе бузулган турак жайлар калыбына келтирилерин убадалады.

Мындан сырткары ал Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта үй-жайы талкаланган тургундарга 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам берилерин белгилеген.

Акылбек Жапаров айткан 300 миң сом боюнча көптөгөн тургундардын суроолору бар. Финансы министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги алгылыктуу жооп бере элек.

Алар министрлер кабинетинин төрагасы сөз кылган 300 миң сом боюнча маалыматты тактап жатышканын айтып, комментарий берүүдөн баш тартышты.

Ал эми кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке бүгүнкү күнгө карата 311 млн 927 миң 920 сом чогултулду.

Ыктыярчылардын саны 3 миң 681ден ашты. Бул каражаттын сарпталышы туурасында Борбордук казыналыктын жетекчисинин орун басары Талант Келдибеков токтолду.

«Бул каражаттар ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен чек ара окуяларында жабыркаган райондордун, айылдардын инфраструктурасын оңдогонго, социалдык объекттерди курууга, жарандарга кенемте төлөп берүүгө жумшалат. Комиссиянын чечими чыккандан кийин акча максаттуу сарптала баштайт. Азырынча бул эсептен бир сом да коротула элек».

Келдибеков кошумчалагандай, бул каражаттын эсебинен тургундардын үйлөрү салынышы жана жарандарга кенемте катары төлөнүп берилиши да мүмкүн. Ал комиссиянын чечими менен аныкталат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Баткен облусунан жалпы 136 миң 770 жаран эвакуацияланып, бүгүнкү күндө 125 миң 577 жаран өз үйлөрүнө кайткан.

Учурда эвакуациялык пункттарда 1 миң 735, анын ичинен, Ош шаарында — 17, Баткен облусунда — 547, Жалал-Абад облусунда — 17, Ысык-Көл облусунда — 67, Чүйдө – 1087 жаран жайгашкан. Калган үйүнө бара электер туугандарынын үйлөрүндө баш калкалап жатышканы маалымдалды.

Copyright © 2017 Maral FM